Кыргызстандын экономикасы 11 айда 10.2% өсүп, 1.6 трлн сомдон ашты

2025-жылдын 11 айында Кыргызстандын экономикасы 10.2% өсүп, ИДП 1.6 трлн сомдон ашты.

Улуттук статистика комитетинин алдын ала маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–ноябрь айларында Кыргызстандын ички дүң продукциясы 1 трлн 628 млрд сомго жетти. Жылдык эсеп менен экономика 10.2%гаөстү.

Нацстатком белгилегендей, 2025-жылы экономикалык өсүштүн динамикасы өткөн жылга салыштырмалуу туруктуураак болду. 2024-жылы көрсөткүчтөр 13.9%дан 8.1%га чейин өзгөрүп турса, быйыл минималдуу деңгээл 10%дан төмөн түшкөн жок. Эң жогорку өсүш январь–март айларында 12.5% деңгээлинде катталып, бул өткөн жылдагы чоку көрсөткүчтөн 1.4 пайыздык пунктка төмөн болду.

ИДПнын өсүшүнө негизинен товар өндүрүш тармактары жана кызмат көрсөтүү сектору салым кошту. 11 айдын жыйынтыгы боюнча экономиканын түзүмү төмөнкүчө:

  • кызмат көрсөтүүлөр — 49.3%;
  • өнөр жай — 17.8%;
  • айыл чарбасы — болжол менен 9%;
  • курулуш — 8.6%.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 686 млрд сомго жетип, жылдык өсүш 10%ды түздү.

Айыл чарба, токой чарбасы жана балык чарбасында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 437 млрд сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 2%га жогорулады.

Курулуш экономикадагы эң тез өсүп жаткан тармак болду. Аткарылган иштердин көлөмү 319 млрд сомгожакындап, өсүү темпи 29%га жетти. Бул турак жай жана инфраструктуралык курулуштун активдүү өнүгүшү менен байланыштуу.

Жыйынтыгында, Кыргызстандын экономикасы 11 айдын ичинде жогорку өсүш темптерин гана эмес, туруктуу жана тең салмактуу динамиканы да көрсөттү.