ЕФСР банктардын активдеринин жана капиталынын рентабелдуулугу төмөндөгөнүн белгиледи

ЕФСР 2025-жылы Кыргызстан банктарынын активдеринин жана капиталынын рентабелдуулугу төмөндөп, кредиттик тобокелдиктер күчөгөнүн белгиледи.

Кыргызстандын коммерциялык банктары 2025-жылы жогорку кирешелуулукту сактап калды, бирок натыйжалуулуктун негизги көрсөткүчтөрү төмөндөй баштады. Ошол эле учурда кредиттик портфелде тобокелдиктер күчөдү, деп айтылат Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун материалдарында.

Фонддун баамында, өткөн жылы банктардын активдеринин рентабелдуулугу 0,8 пайыздык пунктка, ал эми капиталынын рентабелдуулугу 9,1 пайыздык пунктка төмөндөгөн. Ошого карабастан, сектордун жалпы кирешелуулук деңгээли жогору бойдон калууда.

ЕФСР мындай динамиканы бир нече фактор менен түшүндүрөт:

  • күтүлүүчү кредиттик жоготуулар боюнча резервдердин көбөйүшүнөн улам банктардын таза кирешеси жай өстү;
  • банктардын активдери жана капиталы өсүүнү улантты;
  • активдер менен капиталдын өсүшүнө негизги салым негизинен мамлекеттик сектордон келди.

Аналитиктер кошумча резервдердин түзүлүшү кредиттик тобокелдиктердин акырындап күчөшү менен байланыштуу экенин белгилешет. Муну насыя портфелинин сапат түзүмү да көрсөтөт.

Фонддун маалыматына ылайык:

  • 2025-жылдын декабрында көйгөйлүү кредиттердин үлүшү 10,5% түздү;
  • 2024-жылдын декабрында бул көрсөткүч 10,8% деңгээлинде болгон;
  • субстандарттык сапаттагы кредиттердин көлөмү жылдык эсепте 74,1% өскөн.

ЕФСР мындай өзгөрүүлөр көйгөйлүү кредиттердин үлүшү 10–11% диапазонунда салыштырмалуу туруктуу болгонуна карабастан, банктардын кредиттик портфелинин тобокелдик профили начарлап жатканын көрсөтөт деп эсептейт.

Ушундайча, Кыргызстандын банк сектору мурдагыдай эле күчтүү финансылык жыйынтыктарды көрсөтүүдө, бирок кредиттик тобокелдиктерден болгон басым рентабелдуулукка таасир этип, активдердин сапатын этият баалоону талап кылууда.