ЕРӨБ Кыргызстандын банк сектору менен фондулук рыногунун көрсөткүчтөрү жакшырганын белгиледи

Банк секторунун көрсөткүчтөрү жакшырып, фондулук рыноктогу активдүүлүк өскөндүктөн, Кыргызстандын баасы 10 баллдык шкала боюнча 4,45тен 4,56га көтөрүлдү.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы Кыргызстандын банк сектору менен фондулук рыногунун көрсөткүчтөрү жакшырганын белгиледи. Transition Report 2026–27 баяндамасындагы маалыматтарды Economist.kg жарыялады.

ЕРӨБдүн маалыматына караганда, банк секторунда көйгөйлүү насыялардын үлүшү азайып, капиталдын жетиштүүлүк көрсөткүчтөрү жакшырган жана банктардын ликвиддүүлүгү өскөн.

Фондулук рыноктогу өзгөрүүлөр да жыйынтыкка таасир эткен. Баяндамада рыноктук капиталдаштыруунун экономиканын көлөмүнө карата катышы жана соода жүгүртүүнүн капиталдаштырууга карата катышы өскөнү белгиленген.

Финансы секторундагы жакшыруулар Кыргызстандын жалпы туруктуулук индексинин 10 баллдык шкала боюнча 4,45тен 4,56га көтөрүлүшүнө салым кошкон. Индексте финансылык туруктуулуктун салмагы 70%, ал эми энергетика секторунун туруктуулугунун салмагы 30%. Жаңы баяндамада банк эсептөө ыкмасын жаңырткандыктан, мурунку жылдар боюнча баалар мурда жарыяланган баалардан айырмаланышы мүмкүн.