ЕАБР Кыргызстан экономикасынын тездешин күтөт: 2026-жылы ИДПнын өсүшү 9,3%га жетиши мүмкүн
ЕАБР Кыргызстанда 2026-жылы ИДПнын 9,3%га өсүшүн кредиттөөнүн кеңейиши жана ички суроо-талап менен байланыштырат.
Кыргызстандын экономикасы кийинки жылы да жогорку өсүү темпин сактайт. Евразия өнүктүрүү банкынын аналитиктери 2026-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн ИДПсы 9,3%га өсөт деп божомолдошууда. Бул баа кредиттөөнүн динамикасына жана ички суроо-талаптын туруктуулугуна негизделген.
ЕАБРдин баалоосуна ылайык, 2025-жылдын январь–ноябрь айларында коммерциялык банктар тарабынан берилген кредиттердин көлөмү жылдык эсепте 35%га өстү. Ошол эле учурда банктык портфелдин түзүмү өзгөрдү. Соода тармагына багытталган насыялардын үлүшү 35%дан 26%га чейин кыскарып, бул сегменттеги концентрациянын азайганын көрсөтөт.
Муну менен катар керектөөчү кредиттөөнүн ролу күчөдү. Анын үлүшү бир жылда 11 пайыздык пункткаөсүп, жалпы портфелдин 46%ын түздү. Адистердин айтымында, дал ушул керектөөчү насыялардын өсүшү банктык кредиттөөнүн жалпы кеңейишинин болжол менен 76%ын камсыздады.
Мындай түзүм экономикалык активдүүлүктү түздөн-түз колдоп, калктын суроо-талаптарын стимулдаштырып жана башка тармактар үчүн мультипликативдүү таасир жаратат.