Баалуу кагаздар менен жүргүзүлгөн сооданын үчтөн экиси биржа рыногуна туура келди
Кыргызстанда 2025-жылдын январь–сентябрь айларында баалуу кагаздар менен соода көлөмү 262.6 млрд сомду түздү, анын 66%ы биржа рыногуна туура келди.
2025-жылдын 1-январынан 30-сентябрына чейинки мезгилде Кыргызстандагы баалуу кагаздар рыногунда жалпы суммасы 262.6 млрд сомго тең болгон бүтүмдөр аткарылды. Анын 66.18%ы биржалык рынокко туура келди. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы маалымдады.
Биржа рыногундагы сооданын көлөмү 173.78 млрд сомго жетип, жалпы 2 353 бүтүм катталды. Регулятордун маалыматы боюнча, эң ири операциялар төмөнкү биржаларда жүргүзүлгөн:
- ЖАК «Кыргыз фондулук биржасы» (КФБ) — 169 млрд сом;
- ЖАК «БТС фондулук биржасы» — 2.3 млрд сом;
- ААК «Энвойс Вижион Диджитал Эксчейндж» — 1.5 млрд сом.
Ошентип, КФБнын үлүшү жалпы биржалык сооданын 97.82%ын, БТС — 1.33%ын, ал эми Энвойс Вижион Диджитал Эксчейндж — 0.87%ын түздү.