Кыргызстандын банктарынын кирешеси жарым жылда 66 млрд сомго жетти
Коммерциялык банктардын кирешеси 20.8%га өстү; негизги өсүү кредиттик жана комиссиялык кирешелердин эсебинен болду.
Кыргызстандын каржы тармагы өсүүнү улантууда. 2025-жылдын биринчи жарымында коммерциялык банктардын жалпы кирешеси 66.6 млрд сомду түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 20.8%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
1-июлга карата өлкөнүн каржы тармагында 554 уюм иштеген: Улуттук банк, 21 коммерциялык банк, 514 банктык эмес кредиттик уюм жана 18 камсыздандыруу компаниясы. Жалпы киреше 104 млрд сомду түзүп, өткөн жылга караганда 43.6%га өстү. Тармакта 23 миң адам иштейт. Кардарлардын эсептеринин саны 17.2 млнго жетип, бир жыл ичинде 3.8 млнгө көбөйдү.
Банктардын кирешесинин өсүшүнө негизги факторлор:
- кардарларга берилген кредиттерден пайыздык кирешелердин 9 млрд 54.7 млн сомго көбөйүшү;
- комиссиялык кирешелердин 2 млрд 414.9 млн сомго өсүшү.
Чыгымдар да 20.7%га көбөйүп, 65.1 млрд сомду түздү.