Кыргызстанда бизнестин кыска мөөнөттүү валюталык депозиттеринин кирешелүүлүгү 10%га жетти
2025-жылы бизнестин бир айдан үч айга чейинки валюталык депозиттеринин чени 2.1%дан 10%га чейин өсүп.
2025-жылы Кыргызстандын коммерциялык банктары чет өлкө валютасындагы депозиттердин айрым категориялары боюнча чендерди жогорулатты. Эң олуттуу өзгөрүүлөр корпоративдик депозиттер сегментинде болуп, айрым мөөнөттөр боюнча кирешелүүлүк жылдык 10%га жетти, деп билдирет «Акчабар» Улуттук банктын маалыматына таянып.
Юридикалык жактардын валюталык депозиттери боюнча орточо чен бир жылда эки эсеге, 0.7%дан 1.4%га чейин өстү. Компаниялардын мөөнөттүү депозиттеринин кирешелүүлүгү 2024-жылдагы 3%дан 2025-жылы 3.3%га чейин жогорулады.
Эң жогорку өсүш бизнестин бир айдан үч айга чейинки мөөнөткө жайгаштырылган депозиттери боюнча катталды. Алардын орточо чени жылдык 2.1%дан 10%га чейин көтөрүлдү. Бир айга чейинки корпоративдик депозиттер боюнча кирешелүүлүк 4.1%дан 5.1%га чейин өстү.
Жеке жактар үчүн чендер анча олуттуу өзгөргөн жок. Калктын валюталык депозиттеринин орточо кирешелүүлүгү 0.2%дан 0.3%га чейин өстү. Жарандардын мөөнөттүү депозиттери боюнча көрсөткүч жылдык 3.3%ды түздү.
Калк үчүн бир айдан үч айга чейинки мөөнөттөгү депозиттер эң пайдалуу бойдон калып, алардын орточо чени 4.7%ды түздү. Ошол эле учурда бир жылдан ашык мөөнөткө салынган депозиттердин кирешелүүлүгү 3.4%дан 2.9%га чейин төмөндөдү.
Ошентип, 2025-жылы валюталык депозиттер рыногундагы чендердин негизги өсүшү юридикалык жактардын кыска мөөнөттүү депозиттерине туура келди. Калк үчүн кирешелүүлүк салыштырмалуу төмөн бойдон калды.