Кыргызстандагы банктарда чет элдик капиталдын үлүшү дээрлик 10%ке кыскарды
2025-жылы Кыргызстандагы банктарда чет элдик капиталдын үлүшү дээрлик 10%ке кыскарды.
2025-жылы Кыргызстандын банк сектору капиталдык базасын олуттуу түрдө бекемдеди, бирок менчик түзүмүндө чет элдик капиталдын ролу төмөндөдү. Улуттук акционерлер капиталды тезирээк көбөйтүп, тармактагы үлүштөрдүн катышын өзгөрттү.
2025-жылдын 31-октябрына карата банктардын жөнгө салуучунун экономикалык нормативдерин эсептөө үчүн колдонулган таза жыйынды капиталы 211 млрд сомду түздү. Жыл башынан бери бул көрсөткүч 59%ке, же дээрлик 80 млрд сомго өстү. Салыштыруу үчүн айтсак, 2024-жылдын аягында банк тутумунун капиталы 132 млрд сом болгон.
Ошол эле учурда менчик түзүмү да өзгөрдү. Октябрдын жыйынтыгы боюнча чет элдик катышуунун үлүшү 18%ке чейин кыскарып, акчалай түрдө 26 млрд сомду түздү. Бир жыл мурда резидент эмес инвесторлор төлөнгөн уставдык капиталдын 28%ин көзөмөлдөп, бул сумма 21 млрд сомго барабар болгон.
Демек, чет элдик капитал абсолюттук көлөмдө өскөнү менен, улуттук катышуусу бар банктардын капиталы тезирээк көбөйгөндүктөн рыноктогу салмагы азайды.
2025-жылдын үчүнчү кварталынын аягындагы маалыматтар бул тенденцияны ырастайт. Чет элдик капитал 21 банктын 12 синде болгон. Алардын жалпы төлөнгөн уставдык капиталы 32 млрд сомго жакын болуп, анын 27 млрд сому резидент эместерге туура келген. Ошол эле учурда чет элдик катышуунун негизги бөлүгү аз сандагы банктарда топтолгон.