Акыркы сомго чейин: Улуттук банк бюджетке 60 млрд сом которду

Улуттук банк 2025-жылдагы таза кирешесинин толук көлөмүн — 60 млрд 734 млн 736 миң сомду республикалык бюджетке которду.

Кыргызстандын Улуттук банкы 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча таза кирешесинин толук көлөмүн республикалык бюджетке которду. Каражаттар 25-февралда Каржы министрлигинин Борбордук казынасынын эсебине өткөрүлдү.

Төлөм маалыматына ылайык, регулятор 60 млрд 734 млн 736 миң сом которгон. Төлөмдүн багытында бул каражаттар 2025-жыл үчүн Улуттук банктын кирешеси катары бюджетке түшкөнү көрсөтүлгөн.

Бул которуу регулятордун кирешесин бөлүштүрүүнүн жаңы тартибин колдонгон биринчи учур болду. Жаңы механизм президент Садыр Жапаров 20-февралда кол койгон конституциялык мыйзам менен бекитилген.