Банктардагы депозиттер 40%га өстү
Калктын аманаттарынын көлөмү 40%га өстү, насыялардын жалпы көлөмү 1.6 эсе көбөйдү.
2025-жылдын биринчи жарымында калктын аманаттарынын көлөмү кыйла көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, январь–июнь айларында жарандар банктарга 42.3 млрд сом депозит катары жайгаштырышкан — бул өткөн жылга салыштырмалуу 39.8%га көп.
1-июлга карата жарандардын жалпы аманаттары 316.2 млрд сомго жетип, жыл ичинде 71.6 млрд сомго өстү. Анын 58% улуттук валютада, 42% чет элдик валютада сакталууда.
Кредиттик рыноктогу активдүүлүк да күчөдү:
- берилген насыялардын көлөмү 241.3 млрд сомду түздү, бул өткөн жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу 1.6 эсе көп;
- эң чоң өсүш керектөө насыяларына туура келди — плюс 60.5 млрд сом;
- соода тармагын каржылоо 15.2 млрд сомго көбөйдү;
- ипотекалык насыялар 5.9 млрд сомго өстү;
- транспорт жана логистика тармагындагы насыялар 2.9 млрд сомго жогорулады.