Кыргызстандын калкынын депозиттери жыл башынан бери 17,2%га өстү

2026-жылдын башынан бери калктын эсептериндеги жана аманаттарындагы каражаттын калдыгы 17,2%га өстү. Жалпы көлөмдүн 96,6%ы коммерциялык банктарга туура келди.

2026-жылдын сентябрынын аягында Кыргызстандын тургундары коммерциялык банктарда жана башка кредиттик уюмдарда 425,4 млрд сом сакташкан. Жыл башынан бери калктын эсептериндеги жана аманаттарындагы каражаттын калдыгы 17,2%га өскөнүн Economist.kg маалымдады.

Жалпы сумманын 411,1 млрд сому, же 96,6%ы коммерциялык банктарга туура келди. Банктарда улуттук валютадагы депозиттер 263,5 млрд сомду, чет өлкө валютасындагы депозиттер сомго эсептегенде 147,6 млрд сомду түздү. Башка кредиттик уюмдардагы депозиттердин калдыгы 14,3 млрд сомго жетти.

Үчүнчү чейректе депозиттердин жалпы көлөмү 24,4 млрд сомго өстү. Сентябрдын аягында коммерциялык банктарда жеке жактардын 23,7 млнго жакын депозиттик эсеби болгон.