Кыргызстанда банк карталарынын саны беш жылда дээрлик 2.7 эсе өстү
Кыргызстанда банк карталарынын саны 2020-жылдагы 3 млн 390 миңден 2024-жылы 9 млн 180 миңге чейин өсүп, дээрлик 2.7 эсе көбөйдү.
Кыргызстанда жүгүртүүдөгү банктык пластикалык карталардын саны 2020-жылдагы 3 млн 390 миңден 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча 9 млн 180 миңге чейин көбөйдү. Ошентип, беш жыл ичинде көрсөткүч дээрлик 2.7 эсе өскөнүн «Акчабар» билдирди.
Эң олуттуу өсүш Бишкекте катталды. 2020-жылы борбор калаада 1 млн 300 миң банк картасы болсо, 2024-жылдын аягына карата алардын саны 5 млнго жетти. Каралып жаткан мезгил ичинде көрсөткүч дээрлик 3.9 эсе көбөйдү.
Региондордун ичинен карталардын эң көп саны Ош облусуна туура келет. Беш жылда алардын саны 556 миңден 1 млн 170 миңге чейин өстү.
Ошентип, беш жыл ичинде Кыргызстандагы банк карталарынын саны 5 миллиондон ашык көбөйүп, эң жогорку өсүү динамикасы Бишкекте байкалды.