Кыргызстанда банк карталарынын саны дээрлик 10 млнго жетти
2025-жылы Кыргызстанда банк карталарынын саны 9.9 млнго жетип, алар боюнча операциялардын көлөмү 243.9 млрд сомду түздү.
2025-жылы Кыргызстанда жүгүртүүдө 9 млн 900 миң банк картасы болгонун Улуттук банктын маалыматына таянып «Акчабар» билдирет. Бир жыл ичинде алардын саны 7.9%га өстү.
Рыноктун жалпы өсүшү менен бирге төлөм карталарынын түзүмү да олуттуу өзгөрдү. «Элкарт» улуттук төлөм системасынын карталарынын саны 2 млн 600 миң даанага чейин кыскарды. Бир жыл ичинде алардын чыгарылышы 29.9%га төмөндөдү.
«Элкарттын» карталардын жалпы санындагы үлүшү да азайды. Эгер 2024-жылы алар рыноктун 39.8%ын түзсө, 2025-жылдын аягына карата көрсөткүч 25.8%га чейин төмөндөдү.
Негизги өсүштү эл аралык төлөм системалары камсыздады. Visaнын үлүшү 58.5%дан 73.4%га чейин көбөйдү. Mastercard катышуусун бир аз 0.8%дан 0.7%га чейин азайтты, ал эми UnionPay үлүшү 0.03%дан 0.01%га чейин кыскарды.
Банк карталарын операцияларда колдонуу да өсүүнү улантты. 2025-жылы Кыргызстандын тургундары 243 млрд 900 млн сом суммасында 253 млн 100 миңден ашык транзакция жүргүзүштү.
2024-жылга салыштырмалуу операциялардын саны 0.4%га, ал эми алардын жалпы көлөмү 13.2%га өстү. Бул маалыматтар банк карталары өлкөдөгү накталай эмес эсептешүүлөрдүн негизги инструменттеринин бири бойдон калып жатканын көрсөтөт.