Санарип сом пилоттук режимге чыгат: тестирлөө 2026-жылдын аягында башталат

Кыргызстанда санарип сомдун пилоттук тестирлөөсү 2026-жылдын аягында башталып, үч этапта жүргүзүлөт.

Кыргызстан санарип сомду практикалык колдонууга киргизүүгө даярданууда. Улуттук валютанын жаңы формасын тестирлөө 2026-жылдын IV кварталынан тартып 2027-жылдын ортосуна чейин жүргүзүлөт.

Санарип сомдун пилоттук долбоору Министрлер кабинетинин иш-чаралар планына киргизилген. Белгиленген мөөнөттө технологиялык платформа ишке киргизилип, ортомчуларсыз колдонуучулар ортосунда P2P которууларды кошкондо алгачкы операциялар жүргүзүлөт.

Санарип сомду тестирлөө үч этапта өткөрүлөт:

  • биринчи этап — санарип сомду эмиссиялоо, санарип капчыктарды түзүү жана НБКР кызматкерлеринин ортосунда ички тесттер;
  • экинчи этап — Борбордук казначылыкты туташтыруу жана санарип сом менен социалдык төлөмдөрдү сыноо;
  • үчүнчү этап — офлайн төлөмдөрдү киргизүү, лимиттерди белгилөө, QR-код жана Bluetooth аркылуу эсептешүүлөр.

Санарип сомду иштеп чыгуу жана тестирлөө Улуттук банктын каражаттарынын эсебинен каржыланат. Регулятор буга чейин санарип сомду толук масштабда 2027-жылдын 1-январынан тартып киргизүүнү пландап жатканын билдирген.