Кыргызстанда санарип сом практикалык этапка өттү

Кыргызстандын Улуттук банкы санарип сом платформасынын тесттик инфраструктурасын жана демонстрациялык версиясын ишке киргизди.

2025-жылы Кыргызстанда санарип сом долбоору жаңы этапка чыкты. Улуттук банк тесттик инфраструктураны жайылтып, платформанын демонстрациялык версиясын ишке киргизди. Бул тууралуу 11-майда Улуттук банктын коомчулук менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Салтанат Бегалиева билдирди.

Анын айтымында, баштапкы этапта адистер алдын ала изилдөөлөрдү жүргүзүп, эл аралык технологиялык чечимдерди изилдешкен. Андан кийин санарип сомдун болочок платформасына техникалык талаптар даярдалган.

Документ үч негизги блокту ишке ашырууну карайт. Биринчиси санарип сомду чыгаруу жана катышуучуларды платформага туташтыруу менен байланыштуу. Экинчиси КР Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы менен интеграцияны, социалдык төлөмдөрдүн сценарийлерин иштеп чыгууну жана смарт-контракттарды колдонуу мүмкүнчүлүгүн текшерүүнү камтыйт. Үчүнчүсү офлайн төлөмдөрдү жана QR-коддор аркылуу эсептешүүлөрдү тестирлөөгө багытталган.

Азыр Улуттук банктын инфраструктурасында сыноолор үчүн өзүнчө сервердик чөйрө түзүлгөн. Бул тесттик контурда санарип сом платформасынын демонстрациялык версиясы иштеп жатат.
Анын мүмкүнчүлүктөрүн текшерүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү. Ал жаңы санарип валютаны колдонуу сценарийлерин жана техникалык чечимдерди тестирлөө менен алектенет.

Бегалиева ошондой эле санарип сом платформасынын архитектурасы буга чейин бекитилгенин белгиледи. Бул долбоор концептуалдык иштеп чыгуудан практикалык ишке ашырууга жана кийинки сыноолорго даярдык көрүүгө өткөнүн билдирет.