Борбор Азиядагы банктардын көпчүлүгү жасалма интеллектти колдонууда

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы банктардын 68%ы жасалма интеллектти колдонуп, 77%ы аны кеңейтүүнү пландаштырууда.

Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандагы банктардын дээрлик ондон жетиcи күнүмдүк ишинде жасалма интеллект технологияларын колдонушат. Бул маалыматтар Борбор Азиянын каржы рынокторундагы жасалма интеллект боюнча аналитикалык баяндамада келтирилген.

Изилдөө региондун үч өлкөсүндөгү 53 коммерциялык банкты камтып, ЖИнин киргизилишин баалоого, стратегиялык артыкчылыктарды аныктоого жана санариптик трансформациянын тоскоолдуктарын табууга багытталган.

Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык:

  • банктардын 68%ы же 36 уюм ЖИни иш процесстерине киргизген;
  • 32%ы же 17 банк мындай чечимдерди азырынча колдонгон эмес.

Технологияларды мындан ары өнүктүрүүгө кызыгуу жогору бойдон калууда. Жакынкы бир жыл ичинде катышуучулардын 77%ы же 41 банк ЖИни колдонууну кеңейтүүнү пландаштырууда. Дагы 23%ы же 12 респондент кыска мөөнөттө жаңы инструменттерди ишке киргизүүнү көздөбөйт.

Баяндаманын авторлору санариптештирүү деңгээли боюнча банктар региондогу башка каржы уюмдарынан кыйла алдыда экенин белгилешет. Ошол эле учурда сурамжылоого катышкандардын 70%ы жасалма интеллектти бизнес ийгилиги үчүн критикалык маанилүү деп эсептешет. Калган 30%ы же 16 банк нейтралдуу позицияны карманышат. Изилдөөгө катышкандардын бири да ЖИнин маанисин четке каккан эмес.