Март айында 30 миңден ашуун кыргызстандык кредиттерге өзүн-өзү чектөө койду
Кыргызстанда март айында 30 миңден ашуун жаран кредитке өзүн-өзү чектөө койду.
Кыргызстанда кредит алуудан ыктыярдуу баш тартуу механизми популярдуулукка ээ болууда. Март айында эле 30 миңден ашуун жаран Тундук мобилдик тиркемеси аркылуу өзүн-өзү чектөөнү иштетти.
Улуттук банктын 27-марттагы маалыматына ылайык, кызмат 2025-жылдын 1-ноябрында ишке киргенден бери аны 232 миң адам колдонгон. Акыркы бир айда өсүш олуттуу болду.
Өзүн-өзү чектөө механизми жарандарга бардык каржы уюмдарында өз атына кредит жана займ алууга акысыз тыюу салууга мүмкүндүк берет. Бул чечим ыктыярдуу кабыл алынып, алдамчылыктан жана ойлонбой алынган карыздардан коргонууга багытталган.
Колдонгондордун санынын өсүшү калктын каржылык коопсуздук инструменттерине жана жеке милдеттенмелерди көзөмөлдөөгө болгон кызыгуусунун жогорулап жатканын көрсөтөт.