Bloomberg Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң ылдам өсүп жаткан экономикалардын бири катары атады

Bloomberg Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң тез өсүп жаткан экономикалардын бири катары баалады.

Кыргызстан экономикалык өсүштүн темпи боюнча региондун лидерлеринин катарына кирип, Bloomberg агенттиги тарабынан Борбор Азиянын жаңы «тигр экономикасы» катары аталды. Бул баа ИДПнын туруктуу өсүшү жана эл аралык соодага активдүү катышуу менен шартталган.

Bloomberg агенттигинин аналитикалык материалында 2025-жылдын жыйынтыгында өлкөнүн экономикасы 10%дан ашык өсөрү белгиленет. Акыркы үч жылда ИДПнын өсүү темпи жылына 9%дан жогору деңгээлде сакталып келген. Агенттик Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаевдин позициясына таянып, мындай көрсөткүчтөр туризмдин өсүшү, курулуш активдүүлүгү, ички керектөөнүн кеңейиши жана айрыкча кытай товарларынын реэкспорту менен байланыштуу экенин белгилейт.

Ошондой эле Кыргызстан акыркы жылдардагы геосаясий өзгөрүүлөрдүн шартында соода жана каржы маршруттарынын өзгөрүшүн натыйжалуу пайдалана алганы баса белгиленет. Өлкө импорттук жана экспорттук операцияларда, ошондой эле чек аралык төлөмдөрдө ортомчу ролун күчөтүп, тышкы сооданын көлөмүнүн өсүшүнө жана инвестициялардын агымына шарт түздү.

Bloomberg ири каржылык жана инфраструктуралык жетишкендиктерди да белгилейт:

  • суверендүү еврооблигацияларды биринчи жолу чыгаруу аркылуу $700 млн тартуу;
  • Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу;
  • Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу.

Бул демилгелердин жалпы наркы болжол менен $10 млрд деп бааланат. Аналитиктердин пикиринде, алар өлкөнүн логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн кыйла кеңейтип, узак мөөнөттүү экономикалык өсүш үчүн негиз түзөт.

Ошол эле учурда агенттик мүмкүн болуучу тобокелдиктерге да көңүл бурат. Эл аралык валюта фонду орто мөөнөттүү келечекте ИДПнын өсүү темпи 5%дан бир аз жогору деңгээлге чейин жайлашы мүмкүн деп күтөт. Бул тышкы рынокторго, акча которууларга жана геосаясий кырдаалга болгон көз карандылык менен байланыштуу.