Кыргыз Республикасынын 2026-жылдагы бюджети профициттүү болот: киреше 604,6 млрд сомго жетет

Кыргызстанда 2026-жылдагы бюджет профициттүү болот. Жалпы киреше 604,6 млрд сомго жетет, анын көбү салыктык түшүүлөрдөн түзүлөт.

Кыргызстандын Каржы министрлиги 2026-жылга карата негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн прогнозун жарыялады. Документке ылайык, мамлекеттик бюджеттин кирешеси 604,6 млрд сомду түзүп, бул ИДПнын 29,3%ына барабар болот. Ошону менен катар республикалык бюджет профицит менен — 436,4 млн сом (же ИДПнын 0,02%ы) деңгээлинде пландалууда.

Кирешелердин негизги бөлүгүн салыктык түшүүлөр камсыздайт — алардын үлүшү жалпы кирешелердин 76,2%ын түзөт.

2026-жылга карата кирешелердин структурасы төмөнкүдөй болот:

  • салыктык кирешелер — 460,8 млрд сом;
  • салыктык эмес кирешелер — 129,8 млрд сом (ИДПнын 6,3%ы);
  • гранттар — 14 млрд сом.

Кыргызстандын номиналдык ИДПсы 2026-жылы 2 трлн 67 млрд сом деп божомолдонууда, бул 2025-жылдагы (1 трлн 779,7 млрд сом) деңгээлден 16%га жогору.

ИДПнын тармактык түзүлүшү төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • кызмат көрсөтүү тармагы — 51,9%;
  • өнөр жай — 16%;
  • курулуш — 9,5%;
  • айыл чарба — 7,8%;
  • продукция жана импорт боюнча таза салык — 14,8%.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, профициттүү бюджет кийинки жылдары да сакталат:

  • 2027-жылы — 40 млрд 663,6 млн сом же ИДПнын 1,7%ы;
  • 2028-жылы — 51 млрд 717,3 млн сом же ИДПнын 1,9%ы.