Кыргызстандын банк сектору насыя жана комиссиялардын эсебинен 16 млрд сом пайда тапты
Банк сектору туруктуу өсүүдө — 2025-жылдын биринчи жарымында банктардын пайдасы 16 млрд сомдон ашты. Негизги өсүш насыя жана комиссия кирешелеринен болду.
Кыргызстандын коммерциялык банктары 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгын кирешенин туруктуу өсүшү менен жыйынтыкташты. Улуттук банктын маалыматына караганда, жоготууларды эсепке албаганда, банктардын жалпы каржылык жыйынтыгы 15 млрд 999 млн сомду түзүп, бул өткөн жылга салыштырмалуу 2.7% көп.
Өсүштүн негизги булагы насыялар боюнча пайыздык кирешелер болду — алардын көлөмү 9.1 млрд сомгокөбөйдү. Экинчи орунда комиссиялык кирешелер, алар 2.4 млрд сомго арткан.
Банк секторунун жалпы кирешеси 20.8% өсүп, 66.6 млрд сомго жетти. Ошол эле учурда чыгымдар 28%көбөйүп, 50.6 млрд сомду түздү. Бирок бул өсүш банктардын кирешелүүлүгүнө терс таасир эткен жок — 21 банктын 20сы жарым жылдыкты пайда менен жыйынтыктаган. Жалпы пайда 16 млрд 425.1 млн сомго жетти.
Банктар насыя портфелдерин кеңейтип, санариптик жана накталай эмес кызматтарды өнүктүрүп, корпоративдик жана жеке кардарлар менен ишти күчөтүштү. Бул транзакциялардын көлөмүн жогорулатып, комиссиялык кирешелерди көбөйтүүгө мүмкүндүк берди.
Азыркы учурда Кыргызстанда 21 коммерциялык банк жана 310 филиал иштейт, анда 23 миңге жакын кызматкер эмгектенет. Ошондой эле лицензия алууга даярданып жаткан Мурас Банк бар — 1.4 млрд сомдукбаалуу кагаздар катталып, Бишкекте кеңсе ачылган, расмий сайт ишке киргизилген, директорлор кеңеши жана башкармалык түзүлгөн.