Банк секторунун кирешеси 21%га өстү, бирок чыгымдардын өсүшүнөн улам пайда азайды

Кыргызстандагы банктардын кирешеси 21%га өссө да, чыгымдардын көбөйүшү пайданы кыскартты.

Кыргызстандагы коммерциялык банктар 2025-жылдын тогуз айында кирешелерин олуттуу көбөйтүп, негизги басымды кредиттөө жана комиссиялык кызматтарга жасады. Сектордун жыйынды кирешеси 105 млрд сомгожетип, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20.9%га өстү.

Киреше базасынын кеңейишине негизги салым кредиттер боюнча пайыздык түшүүлөр жана комиссиялар болду. Кардарларды кредиттөөдөн түшкөн пайыздык кирешелер 15 млрд сомго, ал эми комиссиялык кирешелер 5 млрд сомго көбөйдү. Бул багыттар кредит портфелинин жана акы төлөнүүчү кызматтардын активдүү өсүшүнүн фонунда негизги драйверлерге айланды.

Ошол эле учурда айрым киреше булактары төмөндөдү. Чет өлкө валютасы менен операциялардан түшкөн кирешелер 3 млрд сомго азайды.

Банк секторунун чыгымдары кирешелерге караганда ылдамыраак өстү. Отчеттук мезгилде чыгымдар үчтөн биринен ашык көбөйүп, же 20 млрд сомго өсүп, 80 млрд сомго жетти. Бул акыркы каржылык жыйынтыкка басым жасады.

2025-жылдын январь–сентябрь айларынын жыйынтыгында 21 коммерциялык банктын ичинен 19у пайданы көрсөтсө, эки банк чыгым менен иштеди.