Бакетаев Улуттук банктын жамаатына расмий тааныштырылды
Алмаз Бакетаев Жогорку Кеңештин колдоосун алып Улуттук банктын жамаатына расмий тааныштырылды.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 18-мартта Улуттук банктын кызматкерлерине жаңы жетекчи Алмаз Бакетаевди тааныштырды. Анын талапкерлиги ошол эле күнү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген.
Дайындоо регулятордун мурдагы төрагасы Мелис Тургунбаев кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулгандан кийин болду. Ал Улуттук банктын төрагасы кызматын 2024-жылдын июнь айынан бери аркалап келген. Парламенттик добуш берүүнүн жыйынтыгында Бакетаевди 73 депутат колдоду. Талапкерди мыйзам чыгаруу органында президенттин туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев сунуштаган.
Каржы регуляторунун жамааты менен жолугушууда министрлер кабинетинин башчысы ведомствонун негизги милдеттерин белгиледи:
- баалардын туруктуулугун камсыз кылуу;
- банк системасынын туруктуулугун сактоо;
- төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү жана ишенимдүү иштешин камсыз кылуу.
Алмаз Бакетаев өлкө жетекчилигине көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, коюлган милдеттерди аткарууга күчүн топтой турганын айтты.