Алексей Скородумов Мурас Банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды
Алексей Скородумов Мурас Банктын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болуп дайындалып, инвестициялык банкинг жана баалуу кагаздар рыногу боюнча экспертизаны күчөтүүнү улантат.
Алексей Скородумов «Мурас Банк» ЖАКтын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары болду. Ал банктын директорлор кеңешинин курамында ишин улантып, инвестициялык банкинг, баалуу кагаздар рыногу жана эл аралык инвестициялык долбоорлор жаатындагы экспертизаны күчөтөт.
Алексей Скородумов директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары кызматына дайындалышы анын Мурас Банктын корпоративдик башкаруусундагы ролунун кеңейгенин чагылдырат. Анын кесиптик тажрыйбасы ички жана эл аралык баалуу кагаздар рыногу, инвестициялык продуктылар жана банктын Борбордук Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү ишкердик байланыштарын бекемдөө менен байланышкан багыттарды өнүктүрүүдө талап кылынат.
Алексей Скородумов финансы рыногунда 25 жылдан ашык иштеп келет. Ар кайсы жылдары ал Россиядагы, Кипрдеги, БАЭдеги жана Кыргыз Республикасындагы финансылык уюмдарда жетекчилик кызматтарды ээлеген.
Алексей Скородумовдун кеңири биографиясы Мурас Банктын сайтында жарыяланган.
Мурас Банк директорлор кеңешинин актуалдуу курамы:
- Сергей Ентц — директорлор кеңешинин төрагасы
- Алексей Скородумов — директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары
- Уланбек Момбеков — директорлор кеңешинин мүчөсү
- Георгий Мурванидзе — директорлор кеңешинин мүчөсү
- Нурлан Идинкулов — директорлор кеңешинин мүчөсү