Кыргызстандагы банктардын активдери 1 трлн 400 млрд сомдон ашты
Кыргызстандагы банктардын активдери 2025-жылдын аягынан бери 17,7% өсүп, 30-сентябрга карата 1 трлн 425 млрд сомго жетти.
2026-жылдын 30-сентябрына карата Кыргызстандагы коммерциялык банктардын жалпы активдери 1 трлн 425 млрд сомго жетти. Бул 2025-жылдын аягындагы көрсөткүчтөн 17,7% жогору. Бул тууралуу Economist.kg Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдын ала маалыматына таянып жазды.
Ушул эле мезгилде банктардын насыя портфели 29,9% өсүп, 658 млрд 700 млн сомго жетти. Депозиттердин көлөмү 5,3% көбөйүп, 912 млрд 300 млн сомду түздү.
Отчеттук күнгө карата Кыргызстанда 26 коммерциялык банк жана алардын 308 филиалы иштеген.