Кыргызстан банктарынын активдери рекорддук 1.34 трлн сомго жетти

Кыргызстан банк системасынын активдери 1.34 трлн сомго жетип кредиттер жана депозиттердин өсүшү байкалды.

Кыргызстандын банк системасы 2026-жылды негизги көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшү менен баштады. Улуттук банктын маалыматы боюнча коммерциялык банктардын жалпы активдери 10.7% га көбөйүп, тарыхый максимум — 1 трлн 340 млрд сомго жетти.

31-январга карата өлкөдө 23 коммерциялык банк жана алардын 306 филиалы иштеп турган. Ошол эле учурда экономиканы кредиттөө кеңейүүнү улантты. Жыл башынан бери жалпы кредиттик портфель 1% га өсүп, 512 млрд сомду түздү.

Исламдык каржылоо сегменти да оң динамиканы көрсөтүүдө. Анын көлөмү 1% га көбөйүп, 19 млрд сомго жетти.

Депозиттик базанын өсүшү салымчылардын активдүүлүгүнүн жогорулаганын тастыктайт:

  • калк жана бизнес эсептериндеги каражаттардын көлөмү 1.6% га өстү;
  • депозиттердин жалпы көлөмү 880 млрд сомго жетти.

Жалпысынан 2025-жылдын жыйынтыгында да банк системасы ресурстук базанын туруктуу кеңейишин көрсөттү. Депозиттик портфель 851 млрд сомго чейин өсүп, 2024-жылдагы көрсөткүчтөн 45.2% га жогорулады. Абсолюттук өсүш дээрлик 265 млрд сомду түздү.

Активдердин, кредиттөөнүн жана депозиттердин өсүшү каржы секторунун бекемделгенин жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн каржылоо мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейгенин көрсөтөт.