Депозиттерди коргоо агенттигинин активдери 9 млрд сомдон ашты

Кыргызстандагы Депозиттерди коргоо агенттигинин активдери 9.136 млрд сомго жетти. Негизги өсүш активдерди башкаруу жана банктардын төлөмдөрү аркылуу камсыздалды.

Депозиттерди коргоо агенттиги өзүнүн каржылык көрсөткүчтөрүндө олуттуу өсүштү каттады. 2025-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында уюмдун активдери 9.136 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 29%көбөйгөн.

Депозиттерди коргоо фондунун көлөмү 2024-жылдагы 7.05 млрд сомдон 9.07 млрд сомго чейин өстү. Мындай өсүш банктардын мүчөлүк төлөмдөрүнүн 5.27 млрд сомго чейин көбөйүшү жана жыйналган пайданын 3.54 млрд сомго жетиши менен шартталган.

Негизги киреше булагы активдерди башкаруу болуп, ал 742.5 млн сом киреше алып келген. Жалпы киреше 744.3 млн сомду, чыгымдар болсо 78.9 млн сомду түзгөн.

Эсептик мезгилдеги жыйынтык 665.4 млн сомду түзүп, бул көрсөткүч өткөн жылдагы 535.7 млн сомдон 24%жогору болгон.

Агенттик Фонддун каражаттарын активдүү башкарууну улантууда. 2025-жылдын тогуз айында мамлекеттик баалуу кагаздардын төлөнүшүнөн 27.18 млрд сом түшкөн, ал эми жаңы эмиссияларга инвестициялар 27.99 млрд сомго жеткен. Мындан тышкары, Фонддун катышуучуларынан 859.4 млн сом милдеттүү төлөм катары алынган.