Депозиттерди коргоо агенттиги инвестициялык портфелин 8,5 млрд сомго чейин көбөйттү
Депозиттерди коргоо агенттиги инвестициялык портфелин 8,5 млрд сомго чейин көбөйттү. Негизги каражаттар мамлекеттик баалуу кагаздарга салынган.
Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги өзүнүн каржылык туруктуулугун чыңдоону улантууда. Ведомствонун маалыматына ылайык, 1-ноябрга карата агенттиктин инвестициялык портфели 8 млрд 544 млн сомду түзүп, он ай ичинде 1 млрд 726,7 млн сомго, же 25,3%га өскөн.
Агенттиктин инвестициялары негизинен мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштырылган. Отчеттук датага карата портфелдин түзүмү төмөнкүдөй:
- Улуттук банктын ноталары — 8,28%;
- мамлекеттик векселдер жана облигациялар — 91,72%.
Өсүштүн негизги себеби — инвестицияларды диверсификациялоо, башкача айтканда, кыска мөөнөттүү кагаздардан узак мөөнөттүү инструменттерге өтүү. Бул кадам портфелдин туруктуулугун жана кирешелүүлүгүн арттырды.
2025-жылдын он айында мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча инвестициядан түшкөн киреше 837,6 млн сомдутүзүп, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 162,3 млн сомго же 24%га көп.