Нурлан Идинкулов
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Нурлан Идинкулов 17 жылдан бери банк тармагында иштеп келет. Ал укуктук камсыздоо, корпоративдик башкаруу жана стратегиялык кеңеш берүү жаатында адистешкен. Өз эмгек жолун юрисконсульттан баштап, Кыргызстандын ири банктарынын («АТФБанк – Кыргызстан» («Оптима Банк»), «Халык Банк Кыргызстан» («О!Банк»), «Дос-Кредобанк», «ФинансКредитБанк» жана «Коммерциялык банк Кыргызстан» («Мбанк») Башкармалыктарында жетекчилик кызматтарга чейин жеткен.
2020-2024-жылдары Нурлан Толубай АКБнын Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү жана Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитетинин төрагасы болгон. Ошондой эле ал көз карандысыз юридикалык практиканы жүргүзүп, банктарга жана компанияларга укуктук аутсорсинг, соттук жана арбитраждык өкүлчүлүк боюнча консультация берет.
Нурлан Идинкулов жогорку юридикалык билимди Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынан алган, буга чейин КР ИИМ академиясында окуган. Ал тобокелдиктерди башкаруу, каржылык комплаенс жана коммерциялык медиаторлук боюнча кесиптик тренингдерден үзгүлтүксүз өтүп турат.
Нурлан — лицензияланган адвокат, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын алдындагы Эл аралык арбитраждык соттун арбитри. Анын күчтүү жактарына системалуу башкаруу ыкмасы, мамлекеттик органдар менен иштөө тажрыйбасы жана каржы секторунда натыйжалуу укуктук стратегияларды түзүү жөндөмү кирет.