Уланбек Момбеков
Директорлор кеңешинин мүчөсү
Уланбек Момбеков – банк иши, аудит жана корпоративдик башкаруу тармагында 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ адис. Ал Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинде иш жолун баштап, андан кийин «Айыл Банк» ААКнын системасында филиалдарды башкаруу жана аймактык кредиттөө программаларын иштеп чыгууну өз ичине алган жетектөөчү кызматтарды ээледи.Ал «AUB-Агро» микрофинансы компаниясынын башкы директору болуп иштеген, ошондой эле «Элдик турак компаниясы» ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы болгон. Өзүнүн иш-чөйрөсүндө ал өлкөнүн жетекчи банктарынын («Дос-Кредобанк», «Айыл Банк», «Мамлекеттик ипотека компаниясы») директорлор кеңешине кайрадан шайланып, аудит боюнча комитеттерге төрагалык кылган, ошондой эле стратегиялык пландоо жана рисктерди башкаруу комитеттеринин ишине активдүү катышкан.
Билимин Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университетинде, эсепчилик жана аудит адистиги боюнча алган. Аудитин эл аралык стандарттары (МСА), ЭАСБ, ички көзөмөл жана корпоративдик башкаруу, банктарда бюджеттөө тармагында кеңири көлемдүү кесипкөйлүк тренингдердин программаларынан өткөн.
Анын негизги компетенциясынын чөйрөсүнө банк аудити, риск-менеджмент, стратегиялык пландоо жана корпоративдик башкаруу кирет. Банк секторун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ардак грамоталар жана ыраазычылыктар менен сыйланган.