Азамат Омуралиев

Башкармасынын төрагасы

Азамат Өмүралиев банк тармагындагы эмгек жолун 2003-жылы баштап, ар кандай кыргыз жана эл аралык банктарда жана филиалдарда иштеген: Оптима Банк, Юникредит Банк, АТФБанк - Кыргызстан, Росинбанк, Бай-Түшүм Банк жана башкалар.

Азамат Ж.Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин эсеп-коммерциялык факультетинде менеджмент боюнча билим алган. Кийинчерээк ал Казакстанда ЕРӨБ кредиттик адистери үчүн окууну аяктаган. Анын кесиптик адистигинин негизги багыттары финансылык анализ, эл аралык инвестициялар жана банк продуктуларынын методологиясы болуп саналат.

Азамат үчүн анын ишинин эң маанилүү бөлүгү – бул ар бир адам өзүнүн маанилүүлүгүн жана жоопкерчилигин сезе турган ынтымактуу команда түзүү. Карьерасынын жылдарында ал эффективдүү командаларды түзбөстөн, бүгүнкү күндө өздөрү өлкөнүн ири банктарында менеджер болуп иштеген көптөгөн адистерди даярдады.